• 84.79
  • 96.01
  • 1.15

Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 11-октябрдан 15-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий