• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуудагы туннелдин жабылуу убактысы

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннель 12-июлдан 18-июлга чейин маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат. Мындай чара туннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Туннелдин жабыдуу убактысы:
-05:00дөн 08:00гө чейин;
-10:00дөн 12:00гө чейин;
-14:00дөн 16:00гө чейин.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат.

Ошондой эле өздөрүнүн коопсуздугу үчүн көрсөтүлгөн ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпастан, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий