• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактардагы маданият үйлөрүн меценаттардын колдоосу менен гана оңдоого болот

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Өлкөбүздүн айыл жергелериндеги маданият үйлөрүнүн эски имараттарын оңдоо ишкерлердин колдоосу менен гана жасоого болот.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, бүгүнкү күнү өлкөбүздүн бюджетинин негизги бөлүгү социалдык объектилерди, биринчи кезекте оорукана менен мектептерди курууга жумшалууда.

“Аймактардагы маданият үйү жана башка ушул өңдүү объектилерди ишкерлердин колдоосу менен калыбына келтиргени жатабыз. Казакстанда мындай практика - завод же ишкана тигил же бул маданий имаратты калыбына келтирүү иштеринин чыгымдарын каржылаган учурлар бар”, - деди министр.

Мындан тышкары, ал маданият үйлөрү менен ал өңдүү объектилердин иш форматын карап чыгуу керек деди. Мисалы, өлкө боюнча министрликтин карамагындагы 38 кинотеатрдын алтоо авариялык абалда турат. Аны мамлекет-жеке тарап өнөктөштүгү боюнча калыбына келтирүүү пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий