• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Азербайжандын президенти Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бүгүн Сиздин жетекчилигиңиз алдында Азербайжан Республикасы өзүнүн жаркын жолун таап, боордош азербайжан элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатат.

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын кылым карыткан достугу жана боордоштук мамилеси Сиздин к олдооңуз менен мындан ары да бекемделип, эки өлкөнүн өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына зор салымын кошот деп терең ишенем.

Сизге чын ден-соолук, узун өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий