• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: "Кербен" аэропорту оңдолду

Аймак 0

Кербен, 30.07.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында 15 жылдан бери иштебей турган жергиликтүү аэропорт оңдолду.

Бул аба майданы ички каттамдар үчүн эсептелген.

Аэропорттун башчысы Мамбетаалы Исманалиев белгилегендей, жакын арада аэропортко учактар каттай баштайт.

"Оңдоо иштерине 10 млн. 960 сом бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери аяктаган. Аэропорттун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, учуп-конуучу жана учактар тура турган тилке да оңдолгон", - дейт ал.

"Аба майданы ички каттамдарды тейлейт. Учуучу тилкенин узундугу 1 миң 700 метр, туурасы 35 метрге жетет", - деди Исманалиев.

Эскерте кетсек, "Кербен" аба майданы 1979-жылы курулуп, 2004-жылдан бери иштебей турган. Ал Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын элин тейлечү.

Пикир

Оставить комментарий