• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактык китепканалардын базасында балдарды эрте куракта өнүктүрүү борборлору өркүндөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу максатында аймактык китепканалардын базасында Эрте куракта өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү Концепциясы, Иш-чаралар планы жана китепканачылар үчүн окуу модулу бекитилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн балдарды өнүктүрүү борборлорунун туруктуу иштөөсү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды. Концепцияны иштеп чыгууга ЮНИСЕФтин эксперттери катышышкан.

Алтынай Өмүрбекова балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн, ошондой эле китепканалардын базасында мектеп жашындагы балдардын ийримдер аркылуу кошумча билим алуусунун маанилүүлүгүн эскертип өттү.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2023-жылга чейин 80% балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу милдети коюлган. Бул үчүн биз бала бакчалардын, энелер мектептеринин, китепканалардын жана башка мүмкүн болгон аянттардын базасында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мамлекеттик социалдык буйрутма принциптерин колдонуу менен ар кандай альтернативдик варианттарды пайдаланууга тийишпиз», – деди вице-премьер-министр.

Учурда республиканын ар бир облусунда 9 аймактык китепканада пилоттук режимде мындай борборлор ачылган, алар өнүктүрүүчү окуу материалдары менен жабдылып, китепканалардын жумушчулары балдар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн. Бул борборлор 400 баланы камтыйт. Мындан ары бул өңдүү борборлорду дагы 40 аймактык китепканада ачуу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, республика боюнча 1050 китепкана бар.

«Балдарын бул борборлорго жөнөтүүнү каалаган жарандардын зор кызыгуусу байкалууда. Биздин максатыбыз китепканаларды балдар жана чоңдор үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн маданий билим берүү мейкиндиги кылуу болуп саналат», – деди Кайрат Иманалиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча эрте куракта өнүктүрүү борборлорунда балдар менен иштөө стандарттарын, балдар менен иштеген китепканачыларга дем берүү жана алардын айлык акысын жогорулатуу маселелерин толуктап иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий