• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап алтын үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күрөшүп, жеңишти алдырып жиберди. Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн Азия чемпионатында Медет кызы дал ушул Эльмира Сыздыковага финалда утулуп калган.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды. Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий