• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым медиктердин айлыгы 100%га көтөрүлдү. Калгандарыныкы июлда жогорулайт

Президент 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтымында, пандемиядан улам дүйнө жүзүндө тамак-аш эле эмес, күнүмдүк жашоого керектелүүчү товарлардын баары кымбаттады.

“Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз. Мисалы, үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100 пайызга көтөрүлдү. Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт”, - деп жазат президент.

Жапаров белгилегендей, башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия, жөлөк пулдарын жогорулатуу боюнча булактар изделүүдө.

“Ушинтип четинен каржылоо булактарын таап, көтөрүп турбасак, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджетибиз туруштук бере албайт экен. Кудай буюрса, эмгек акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүүгө жетишебиз”, - дейт Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий