• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдык мааракеси: ЖК депутаты курсанттар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына Советтик Союздун баатыры К.Үсөнбеков атындагы КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун “Чек ара” факультетинин курсанттары менен жолугушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Чыныбай Турсунбеков кафедранын жашоосу менен таанышып чыгып, курсанттар менен маектешти. Депутат жаш чек арачылар менен улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары жана анын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу сүйлөштү.

“Чыңгыз Айтматов көз карандысыз Кыргызстанды дүйнө жүзүнө ача алды. Анын чыгармачылыгынын арты менен дүйнө коомчулугу кыргыздар тууралуу жана биздин маданиятыбыз, салтыбыз жөнүндө биле башташты”, - деди депутат.

Жолугушуунун жүрүшүндө курсанттар белгилүү жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп беришти.

Пикир

Оставить комментарий