• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскаров социалдык өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экендигин айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин алардын кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун негизделишинин 25 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө вице-премьер-министр Замирбек Аскаров гуманисттик баалуулуктардын жайылтылышына багытталган социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгегин белгиледи.

«Сиздердин кесип гумандуулукту, эмгекке толугу менен берилгендикти, айкөлдүктү жана мээримдүүлүктү талап кылат. Социалдык коргоо тутумунда ак ниет жана пейили таза адамдар иштешет. Камкордукка муктаж болгондорго багытталган сиздердин күнүмдүк талыкпаган эмгегиңиздер өзгөчө сыйга татыктуу», - деди ал.

Замирбек Аскаров баса белгилегендей, социалдык өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири.

«Социалдык тармактагы иш тутумдуу жана үзгүлтүксүз улантылууга тийиш. Социалдык фонд түзүлгөн күндөн тарта анда ынтымактуу жана адискөй жамааттын иштеп келгени көрүнүп турат, бул ведомствонун үзүрлүү ишине таасирин бербей койгон жок», - деп ырастады вице-премьер-министр.

Ошондой эле Замирбек Аскаров профсоюздар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Профсоюздар ар дайым жумушчулардын укуктарын ишенимдүү коргоочулар катары калышат. Бирикме бүгүнкү күнү 750 миңден ашуун мүчөдөн турат, бул зор ишеним жана бирикменин чоң таасирин айтып турат. Заманбап шарттарда профсоюздардын ролун кайра карап чыгуу зарыл, себеби эмгекчилердин укуктарын коргоодо көйгөйлөр болбой койбойт», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий