• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Инвестициялык фонддун корпоративдик стратегия боюнча башкы директорунун орун басары Мариус Дэн баштаган Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришит.

Жолугушуунун жүрүшүндө активдерди башкарган компаниянын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды.

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөгө инвестиция тартуу, мамлекеттик компанияларды башкарууда реформаларды жүргүзүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу, ошондой эле компаниянын Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий