• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 4,8 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Айыл, суу жана токой чарба министрлиги Баткен облусунун жабыркаган тургундарына финансылык, материалдык жана акысыз жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин жетекчилиги жана эмгек жамааты кыргыз-тажик кагылышында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында бир күндүк эмгек акыларын которуу чечим кабыл алышып, 4 млн 820 миң 600 сом которушту. Ошондой эле министирликтин демилгеси менен өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу 6 миң 322 кг азык-түлүк жана 70 тонна ун жөнөтүлдү.

Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан акысыз жардамдар көрсөтүлөт.

Министрлик Баткен районунун жашоочуларына көрсөткөн жардамы үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана өнөктөштөрүнө терең ыраазычылыгын билдирет.

Жардамга кол сунган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана өнөктөштөрүн тизмеси:

"Атанмай" жеке ишканасы, "Макси чай" компаниясы, "Ак-Куу" ААК, "Аларат" ЖЧК, "Салих Лтд" ЖЧК, "Назарбеков Мико" жеке ишкана, "Улар" жеке ишканасы, "Кыргыз жер ассоциациясы", "Яшар групп" ЖЧК, "ХП" ассоциациясы, "Тазажан" ЖЧК, "Клевер" жеке ишканасы, Мырзабекова жеке ишкер.

Пикир

Оставить комментарий