• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айып салабыз! Кайгуул кызматы “Ден соолук” паркында сейилдеген жаштарга кайрылат

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Калаанын түштүк тарабында жайгашкан “Ден соолук” паркын былтыр Бишкек мэриясы спорттук эс алуучу жай катары оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Анда атайын спорттук жабдуулар коюлган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүнкү күндө шаар тургундары эс алуу менен бирдикте ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп келишет. Бирок айрым жарандар коюлган эрежеге баш ийбей, парктын борбордук бөлүгүндөгү атайын чуркоо үчүн каралган жерге велосипед менен кирип, жарышып айдоодо. Аталган аймакта велосипед менен жүрүүгө мүмкүн эместигин көрсөткөн белги орнотулган.

"Шаар тургундары ушундай көрүнүштөргө карата чара көрүүнү өтүнүшүүдө. Орнотулган белгилерге баш ийбеген велосипед айдочуларына КРнын Бузуулар тууралуу кодексинин 123-1-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 1 миң сом өлчөмүндө айып салына тургандыгын эскертебиз", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий