• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы №544-токтому менен Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлдү.

"Көмүр ишканасын түзүү демилгеси президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов тарабынан көтөрүлгөн. Ал Турук көмүр кенин туруктуу иштетүү, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун элин көмүр менен камсыздоо, жергиликтүү бюджетке киреше түшүрүү, районду дотациядан чыгаруу максаттарын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан "Ак-Талаа көмүр" ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Ишкана “Кыргыз көмүр”, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканалары сыяктуу мамлекетке, элге пайда алып келген ишкана болоору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий