• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акаевдин мурдагы күйөө баласы Тойгонбаев 20 жылга эркинен ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Адил Тойгонбаевге карата өкүмүн чыгарды. Сот аны Кылмыш - жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга сыртынан абакка кести. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева ырастады.

"Адил Тойгонбаев Кылмыш - жаза кодексинин бир нече беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексиинин 59-беренесинини (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө​ беренеси) негизинде 20 жылга эркинен ажыратылсын, мүлкү конфискациялансын жана 200 эсептик көрсөткүчтө айып төлөнсүн, жаза өтөө мөөнөтүн абактын күчөтүлгөн режиминде өтөсүн деген өкүмү чыкты. Ошондой эле Тойгонбаевди эл аралык “Манас” аэропортуна 677 млн 291 миң сомдон ашуун сумма төлөп берсин деген чечим чыккан".

Казакстандын жараны, 50 жаштагы Адил Тойгонбаев экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин мурдагы күйөөсү. 2005-жылдын март окуясынан кийин Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган деген да күнөөлөр тагылган. 2016-жылы аны Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол Дубайда кармалып, кийин күрөөгө бошотулган. Эки жыл мурун Москванын аэропортунда кармалып, бирок Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес.

Булагы: Central Asian

Пикир

Оставить комментарий