• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев менен Иллинойс штатынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Нетти Ласко жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 9-мартта Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси менен өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Иллинойс штатынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү адвокаттардын жана юристтердин катышуусу менен АКШнын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, миграция жана жарандарды мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери боюнча акысыз семинарларды уюштуруу макулдашылды.

Иллинойс штатында жашаган кыргыз жарандарынын санын эске алуу менен мындай семинарларды ар үч ай сайын уюштуруу келишимине жетишилди.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий