• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШ Гүлнара Каримовага да санкция салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Кошмо Штаттар "адам укуктарын бузду" деп эсептеп, Өзбекстан, Орусия, Украина, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн жарандарына каржылык санкция салды.

Жаза чаралары Магнитски мыйзамынын алкагында жалпысынан 52 адамга жана компанияларга киргизилген.

Тизмеде Өзбекстандын маркум президентинин кызы, учурда Өзбекстанда үй камагында отурганы айтылып жаткан Гүлнара Каримова жана Орусиянын башкы прокурорунун уулу Артем Чайка да бар.

Жергиликтүү полиция тарабынан киши сатуу, адамдардын органдарын соодалоо боюнча айыпталган пакистандык Мухтар Хамид Шах да тизмеде. Ал эми мьянмалык аскер офицери Маун Маун Со болсо рохинжа мусулмандарын катаал куугунтукка алганы үчүн тизмеге кирген.

Магнитски мыйзамы АКШда 2012-жылы адам укуктарын бузууга тиешеси бар орусиялыктарды жазалаш үчүн кабыл алынган.

Санкциялык тизмедегилер каржы жана саякат жагынан ар кандай чектөөлөргө кабылышат.

АКШнын мыйзамы 2009-жылы Орусиянын түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскинин ысымы менен аталган.

Пикир

Оставить комментарий