• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы райондук прокуратурасы 4,45 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Аксы райондук прокуратурасы баасы 3 млн 500 миң сомдон ашык болгон 4,45 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер аянтарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мурда негизсиз берилип кеткен 4,45 га жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды.

Кербен шаарынын мэриясы тарабынан 2006-2012-жылдар аралыгында жергиликтүү тургундарга трансформациядан чыкпаган айыл чарба багытындагы 4,45 га жер аянттары жеке турак-жай куруу үчүн берилип кеткендиги такталган.

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан негизсиз чыгарылган токтомдорду жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арыздар сот тарабынан толугу менен канааттандырылгандыктан, 3 млн. 586 миң 200 сомго бааланган жер аянттары муниципалдык менчикке кайтарылып, Кербен шаардык мэриясынын балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий