• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксы районунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2018-жылдын 17-апрель күнү саат 12:32де республиканын аймагында очогунда күчү 3-3,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Сыны жана Мукур айылдарында 3,5 балл, Кербен айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий