• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы РИИБдин жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБдин жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү Жалал-Абад шаарында 7-октябрь күнү өткөн массалык баш аламандык жана У. Жаманкуловдун өлүмүнө алып келген денесине ар кандай жаракаттар келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аксы районунун Кербен шаарынын жашоочусу Ш.Ж. кармалып, Жалал-Абад облусунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайында киргизилишине нааразычылыгын билдиришип, 300 адам митингге чыгышкан.

Митингге чыккандар Ш.Ж. карата бөгөт чарасын сыртка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде өзгөртүп берүүнү, сотко чейинки өндүрүштү калыс иликтөө жана Аксы райондук администрациясынын башчысы Э. Ормоналиев менен Аксы РИИБдин начальниги Ш. Таңгировду ээлеген ордунан бошотууну жана аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулду.

«Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган кылмыш ишин иликтөө мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ал УКМКнын жетекчилигин көзөмөлүндө турат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий