• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксынын Жаңы-Жол аймагында сел жүргөн

Аймак 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. 2017-жылдын 3-август күнү 16:30 чамасында жана 2017-жылдын 3-август күнү 13:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

ӨКМ билдиргендей, селдин кесепетинен ички чарбалык унаа жолду сел суулары каптап өтүп, жолго жакын жайгашкан төрт дүкөнгө сел суулары кирген, турак үйлөргө зыян келтирген эмес.

Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий