• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 62 айылдык, 7 шаардык кеңештердин депутаттарына шайлоо өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 62 айылдык, 7 шаардык кеңештердин депутаттарына шайлоо өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда аймактарда тийиштүү даярдыктар көрүлүүдө. Облуста жалпы 418 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берилет. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын жалпы саны 617 миң 357ни түзгөн.

Шайлоо комиссияларынын уюштуруу жана техникалык керектөөлөрүн чечүүгө райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтөт. Жер-жерлерде шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев тарабынан добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу менен мыйзам бузуучулуктардын алдын алуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген. Аны менен катар коомдук коопсуздукту сактоо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү, тилкелерде санитардык-эпидемиологиялык абалды туруктуу камсыздалуусу да эскертилген.

Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 11-апрелинде өтөт. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештерге жалпы 1 миң 549 депутаттык мандат бар. Алардан аялдарга 30 пайыз же 522 орун туура келет.

Пикир

Оставить комментарий