• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто «Ажылык Рух азыгы» аттуу китеп жарык көрдү

Аймак 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Ошто ушул жуманын башында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбековдун демилгеси менен анын котормо эмгегине таандык “Ажылык рух азыгы” аттуу китеп жарыкка чыкты. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Автордун айтымында, буга чейин ажылык ибаадаттарды аткарууга байланыштуу чыккан китепчелерде ажылыктын парз жана важип амалдарына басым жасалып түшүндүрүлүп келген.

“Ошол себептен улам ажылык парзын өтөөгө бара жаткан жарандар жана жалпы эле коомчулук арасында ажылыктын өзгөчөлүгү жана руханий тарабын да кеңири түшүндүрүп берген атайын колдонмо китепке муктаждык жаралган болчу. Андыктан жаңы китепти даярдоодо Түрк аалымдары Бүнямин Эрул менен Экрем Келештин ажылык туурасындагы китебин которууну негиз кылып, өзүбүздүн дагы кошумча эмгектерибизди камтыдык. Китепти даярдоонун негизги максаты ажылардын ажылыктын маани-маңызын жана өзөгүн абдан жакшы түшүнүп, милдеттерин так аткаруусуна жана бул маанилүү окуянын өз жашоолорунун нугунун жакшы жакка өзгөртүлүп, бурулуусуна түрткү болууга салым кошуу” – деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, “Ажылык рух азыгы” китеби Түркия Диянет фондунун колдоосу менен 5000 нускада чыгарылып, өткөн жумада Бишкек шаарынан ажылыкка сапар тарткан 500 зыяратчыга акысыз таратылып берилген. Бул жумада Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан ажылыкка сапар тарткан зыяратчыларга таратылып берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий