• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы институту: 8640 киши юридикалык жардам алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жалпысынан 15238 жаран, анын ичинде 3800 адам кат жүзүндө кайрылып, 8640 киши юридикалык жардам алган. Бул тууралуу Кубатбек Оторбаев Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде Акыйкатчынын 2016-жылы Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Акыйкатчынын айтымында, даттануулардын 70 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине тийиштүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына – 2,1 пайыз, социалдык камсыздандыруу органдарына – 1,3 пайыз. Андан тышкары, акыйкатчы өз отчетунда эмгек мигранттарынын балдарына жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү чараларына өзгөчө көӊүл бурду.

Талкуу жүрүшүндө депутат Аалы Карашев Акыйкатчы институту менен эл аралык уюмдардын өз ара байланышынын абалына, депутат Айнуру Алтыбаева кыз ала качуу жосунуна каршы күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чараларга кызыкты. «Акыйкатчынын адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча сунуштамалары декларативдүү мүнөздө гана болуп калууда, мамлекеттик органдар ага анчалык деле маани беришпейт», - дейт депутат.

Андан тышкары, депутаттар баяндаманын форматы, анда камтылган сунуштамалардын чагылдыруу ыкмалары жылдан-жылга кайталанып келатканын айтып, анын мазмунун кескин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында Акыйкатчынын 2016-жылы Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө отчетун Жогорку Кеӊештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий