• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Абдыкалыков Эл аралык кино фестивалда "Эң мыкты эркектин ролу" наамына татыды

Маданият 0

Бишкек. 02.11.18 /Кабар/. Лос-Анжелесте Эл аралык 4чү Asian World Film Festival кино фестивалы өз ишин аяктап, учурда ArcLight Cinema кинотеатрында жабылуу аземи өтүүдө, анда жеңүүчүлөрдүн ысымдары айтылат.

Кино фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз фестивалдын командасына, демөөрчүлөргө жана колдоосу үчүн мэр Калвер Ситиге ыраазычылык билдирди.

Кинорежиссер, сценарист, Эл аралык Asian World Film Festival кино фестивалынын калыстар тобунун мүчөсү Дальмира Тилепбергенова кабарлагандай, Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасындагы башкы ролду ойногон КР эл артисти Акылбек Абдыкалыков "Эң мыкты эркектин ролу" наамына татыган.

Эскерте кетсек, кинофестиваль 24-октябрь күнү старт алган. Эл аралык Asian World Film Festival Азия кино фестивалы кыргыз режиссеру Садык-Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Эске сала кетсек, былтыр аталган кино фестивалга голливуд жылдызы Анжелина Жоли келип, өзүнүн тасмасын сунуштаган.

Кино фестивалдын (Asian World Film Festival) расмий символу – илбирс. Статуэтка колодон жасалган, автору сүрөтчү- скульптор Нурлан Кебек уулу.

Пикир

Оставить комментарий