• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий