• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаровдун абалы канааттандырарлык.

“Бүгүн Казакстандан делегация келет экен, Акылбек Жапаров алар менен өзү жолугат”, - дейт министр.

Бейшеналиев министрлер кабинетинин төрагасы жумуштан чарчаганынан улам ооруканага түшкөнүн кошумчалады.

“Ал мен, президент сыяктуу бир күндө 24 саат иштейт. Бирок азыр анын абалы жакшы”, - дейт Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 28-апрелде, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий