• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров БА менен ЕБ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өсүүсүн белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Президенттин администрация жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “ЕБ - БА” биринчи экономикалык форумунун жүрүшүндө акыркы он жылдын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен Европа биримдигинин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өсүүсү байкалып жатканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө ЕБ биздин аймактын негизги соода өнөктөшү болуп саналат, тактап айтканда, тышкы соодасынын үчтөн бир бөлүгүнө туура келет. Мына ушулардын бардыгы биздин өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыздын келечегине жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн перспективаларына оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет. Бул үчүн бардык зарыл шарттар жана өбөлгөлөр бар”, - деди ал.

Жапаров ошондой эле биргелешкен күч-аракет менен элибиздин жыргалчылыгы үчүн болгон экономикалык потенциалды жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн мыкты үлгүлөрүн толук ишке ашыра аларына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий