• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБ насостук станциясында көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.21./Кабар/. Министрлер кабинетинин Ттөрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык ЖЭБдеги үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам жооп кайтаруусуна жараша, объектидеги авариялык абал жөнгө салынган.

«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», - деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмырзаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», - деди Акылбек Жапаров жана 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизимин даярдоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий