• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров кытайлык «Цзицзинь» корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык «Цзицзинь» корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде Чүй облусунун Кемин районундагы Талдыбулак-Левобережный кениндеги «Алтынкен» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн алкагында да талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү "Цзынзинь" корпорациясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти, атап айтканда, компания тоо-кен казып алууда колдонгон, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуучу, ошону менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылган алдыңкы жана уникалдуу технологиялар жөнүндө айтып беришти.

Министрлер кабинетинин башчысы кыргыз тарап корпорация менен инвестициялык жана технологиялык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле өлкөдө күчөтүлгөн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери менен стратегиялык инвестор статусун киргизүү тууралуу айтып, «Алтынкен» тоо-кен казып алуу ишканасынын ишмердүүлүгү эки мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген эки тараптуу демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышынын далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде «Цзицзинь» корпорациясынын президенти Цзу Лайчан Кыргызстанда инвестициялык мыкты шарттар түзүлгөнүн белгилеп, кытайлык компаниялар Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

«Биз инвестициялык сунуштарды кароого ачыкпыз», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий