• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров "Почта Банкты" түзүү боюнча кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы- Акылбек Жапаров "Почта-банкын" ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча кытайлык “Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd” компаниясы менен жолугушту.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. 2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

Почта банкы ачылгандан кийин Кыргызстандын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу "Кыргыз почтасы" ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий