• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы 16 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Өзбекстанда күн катуу ысыды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 28.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын аймагында күн катуу ысып, кечээ абанын температурасы 35-39 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн түштүк аймагында 39-40 градус, айрым чөлдүү аймактарда 44 градуска чейин күн ысыды, - деп билдирет «Узгидромет» метеорологиялык кызматы.

Адатта Өзбекстанда май айынын аягында аба ырайы мынчалык ысыбайт.

Алсак, Ташкентте май айында абанын катуу ысышы 1902-жылы катталып, анда 39,9 градуска жеткен. Акыркы 20 жылдын ичинде май айындагы абанын температурасынын жогорку ысышы 38,6 градус болгон (2004-жылы).

Пикир

Оставить комментарий