• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын президенти Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 24-июнунда Москвада боло турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик парадга катышат. Бул маалыматты «Кабар» агенттигине КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

«Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда боло турган Жеңиш парадына катышат», - деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парадын 24-июнда өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий