• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңишке 75 жыл: Жалал-Абадда согуш ардагерлерине 75 миң сомдон берилди

Жеңишке 75 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Жалал-Абадда согуш ардагерлерине 75 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде шаардын мэри Мураталы Тагаев калаадагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан кабар алган.

"Калаа башчы президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун жеткирип, ар бир ардагерге республикалык бюджеттен бөлүнгөн 75 миң сомдон акча каражатын тапшырды. Андан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир кап ун жана башка азыктар берилди", - деп кабарлашты мэриядан.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери, 1 концлагердин туткуну жана 2 ооруктун ардагери жашайт.

Пикир

Оставить комментарий