• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында 1 миң 250 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө - мэрия

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Нарын шаарында 1 миң 250 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

Анын айтымында, муктаж жарандарга жеке ишкерлер жана мамлекет тарабынан жардам берилип жатат.

"Өлкөбүздө атайын ачылган эсепке түшкөн акчадан Нарын шаарына 1 млн сом которулуп берилди. Ал акчага 1 миң 250 адамга 25 килограммадан кун таратылып башталды. Ошол эле учурда кээ бир жаранга ун берсек, чай алат элем дегенден улам азык-түлүктөн турган комплект даярдап, берип жатабыз", - дейт ал.

Нарын шаарынын мэри билдиргендей, шаарда ун жана азык-түлүк маселеси чечилген, ундун биринчи сорту 1 миң 575 сомдон сатылып жатат.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий