• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Арча суусунун деңгээли көзөмөлдөнүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Бишкек шаардык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-январда саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ал эми, Бейшеналиева көчөсүндө 2 турак үйдү жана 1 кампаны суу каптаган.

Түзүлгөн жагдайга байланыштуу КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, 2 ХОВО, 62 адам, 2 Газель унаасы, Ленин райондук администрациясынан 3 экскаватор, 3 ХОВО, Свердлов райондук администрациясынан 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 экскаватор, “Тазалык” ишканасынан 3 самосвал, «Тазалык» и «Зеленстрой» ишканаларынан 50 кызматкер тартылып, Рыскулов, Бейшеналиева жана Москва көчөлөрүндө Ала-Арча суусундагы муз катмарларын тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий