• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан 30 тонна жер семирткичти мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Баткенде минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралууУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу Volvo FH үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.

Жүктү таразага тартууда "Кольцо" транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды.

Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий