• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда рейд жүрүп, азык-түлүктөрдүн мөөнөтү текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы соода түйүндөрүнө рейд жүрүп, азык-түлүктөрдүн мөөнөтү тешкерилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынын, Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, ӨКМдин, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемилогоиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен турган комиссиялык топ катышты.

Текшерүү учурунда бир катар супермаркеттерден мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр аныкталып, эскертүүлөр берилди.

Адистер жогорудагы соода жайларында кайрадан мындай учур аныкталса, 7 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынарын белгилешти. Алдыда мындай текшерүүлөр улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий