• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда 11 айда 323 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 323 млрд сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 106,4% түздү.

2022-жылдын 10-ноябрына карата «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан республиканын 8 миң 231 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы суммасы 4 млрд 642,1 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди.

Пикир

Оставить комментарий