• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨПтүн башчысы Темир Сариев Түркияда өткөн бизнес-форумга катышты

Экономика 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Түркияда өткөн бизнес-форумга катышты.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Венгриянын соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери жана экономика министрлери чогулуп, кызматташуу жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

"Бизнес-форум көп тараптуу кызматташтык өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын бекемдөөгө, бизнести өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди", - деп айтылат маалыматта.

Форум аяктагандан соң КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түркиянын соода палаталары жана товардык биржалар союзунун башчысы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий