• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иманалиев күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты

Экономика 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшү боюнча айта турган болсок, бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү валютага өтүү боюнча биринчи кезекте Россия менен эки тараптуу өз ара мамилелердин алкагында иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйнында экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Ал ички базарларды күйүүчү-майлоочу май менен жетиштүү камсыздоо үчүн аталган товарды жана мунайды Кыргызстандын аймагынан тышка алып чыгууга тыюу салынды деп белгиледи. “Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааларды кармап туруу үчүн туруктуу мониторинг жүргүзүп турат, ошондо баалар негизсиз көтөрүлбөйт деп ойлойбуз жана өлкөнүн ички базарын жазгы-талаа иштеринде мунай жана мунай продуктылары менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мунай ташуучулар менен иштер жүргүзүлөт”-деди чиновник.

Пикир

Оставить комментарий