• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евробиримдиктин ВСП+ боюнча техникалык миссиясы Кыргызстандагы ишин аяктады

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 22-февралда Европа биримдигинин ВСП+ макамы боюнча биринчи техникалык миссиясы тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө өздөрүнүн Кыргызстандагы 2 күндүк иш сапарынын жыйынтыгын көрсөтүштү. Бул тууралуу ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгү билдирди.

2 эксперт Кыргызстандагы сыноо лабораторияларынын азыркы абалын, өзгөчө Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспортко чыгаруучу товарлардын сапатын күбөлөндүрүү боюнча эл аралык сертификаты бар лаборатоияларды баалоо үчүн 6-февралда келишкен.

Мындан тышкары, миссия ВСП+ макамынын жоболорун сактоого жана Европа биримдигинин эрежелеринин талаптарына жооптуу агенттиктер менен бажы органдарынын мүмкүнчүлүгүнө жана фитосанитардык абалына баа берди.

Эки жуманын ичинде эксперттер Бишкек жана Оштогу 9 лаборатоияга, андан тышкары бир катар жеке ишканаларга барышып, экспорттук саясатка жооптуу мамлекеттик кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынтыгы 22-февралда Экономика министрлигинде жергиликтүү жана эл аралык консультанттар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана башка өнөктөштөрдүн катышуусунда көрсөтүлдү. Эксперттер Кыргызстандан ЕБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоого тоскоолдук жараткан кемчиликтер бар экенин белгилешип, бул багытта абалды жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти.

Ошондой сунуштардын арасында эксперттер лабораторияларды эл аралык талаптарга ылайыкташтырууга алып келүү үчүн аларды мадорнизациялоого, лабораториялардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү эксперттердин сертификация жана каттоодон өтүүнүн эл аралык стандарттары тууралуу маалымдуулугун көтөрүү максатында тренингдерди өткөрүп турууга кеңеш беришти.

Миссия комплексттүү жана деталдуу отчет даярдайт, ал КР Өкмөтүнө жана Еробиримдиктин өкүлчүлүгүнө жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий