• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Азербайжандан 60тан ашуун ишкер келди

Экономика 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Кыргызстанга кыргыз-азербайжан бизнес-форумуна катышуу үчүн Азербайжандан 60тан ашуун ишкер келди. Бул тууралуу КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар.

“Бүгүнкү күндө азербайжан тарап курулуш, логистика, айыл чарба жана туризм тармагында кызматташууга даяр”, - деди Темиралиев.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төробаев жана Азербайжан премьер-министринин орун басары Али Ахмедовдун катышуусунда бизнес-форум өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий