• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.02.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү 9-чу “Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов билдирди.

Ал иш-чара 3-февралда ЗИЛ тоо лыжасы базасында өтөрүн белгиледи.

“Башкы максаты – Каргызстанды кышкы спорт түрлөрүнүн, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары жайылтууга жетишүү, кайрымдулук жардам көрсөтүү жана жарандарды сергек жашоого тартуу. Иш-чарадан түшкөн каражаттардын баары калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүүгө жумшалат”, - деди ал.

Белгиленгендей, базанын аймагында “Кол колдо” аутист-балдардын ата-энелери жасаган азыктары сатылмакчы. Катышуучулар үчүн ски-пасс жана шаймандарды ижарага алууга арзандатуу бере турган лотереялык билеттер ойнотулат.

“ӨКМ кызматкерлери, тоо лыжасы базасынын медиктери, абдан көңүлдүү спорттук сынактар, акысыз палоо жана ысык чай болот. Биз өзүбүздүн социалдык жоопкерчилигибизди көрсөтүп, башкаларга жардам беришибиз керек”, - деп кошумчалады КР өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин Катчылыгынын эксперти Аскат Сеитбеков.

Бул фестиваль 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейинки фестивалдардан каражат алган уюмдардын арасында: №1 Кургак учук балдар ооруканасы, “Нурмэйайса” балдардын убактылуу туруу жайы, Балдардын онкологиялык борбору, Республикалык кан борбору, Ош шаарындагы “Боорукердик” жана “Алтын уя” балдар үйлөрү, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу аялдардын психикалык-неврологиялык жатак үйү, “Кол колдо” КР аутист-балдардын ата-энелеринин КУ, Сосновка жатак үйү. Былтыр 232 миң сом топтолгон.

Уюштуруучулар - КР ММТМ Туризм департаменти, Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы, бизнес-ассоциациялардын альянсы жана Жөө туризм Союзу.

Пикир

Оставить комментарий