• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада 39 млн сомдук таза жана сугат суу долбоору ишке ашырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ала-Бука районунда Көк-Таш айыл аймагынын Булак-Башы айылына таза суу жана сугат суу үчүн Жалгыз-Өрүк суусун тартып келүү долбоору ишке берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кайырбек Чаргынбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгиленгендей, долбоордун сметалык баасы 39 млн 350 миң сомду түзүп, 8,7 чакырым аралыктан дюкер ыкмасы менен суу жеткирүү пландалган. Долбоор эки жылдын ичинде жүзөгө ашырылды.

Суу чыгаруу аземинен соң аким Чаргынбаев "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Көк-Таш айыл аймагынын жашоочулары менен биргеликте көчөт отургузуу иш-чарасына катышып, айыл тургундарын суу чыгаруу долбоорунун ишке ашырылганы менен кызуу куттуктап, өз сөзүндө келечек муунга гүлдөгөн бакты мурас кылып калтырууга салымын кошкон инсандарга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий