• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери бөлүндү

Билим 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий