• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алайда мечит толугу менен өрттөндү

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алай районунун (Ош облусу) Таш-Коргон айылында мечит толугу менен өрттөнгөн. Өрттүн аянты 180 чарчы метрди түзгөн.

Сокулук айылынын (Чүй облусу) Звездная көчөсүндө аянты 200 чарчы метр үй өрттөнгөн.

Ала-Тоо-3 жаңы конушунун Эркин-Тоо көчөсүндө аянты 40 чарчы метр мончо күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий