• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Кара-Жыгач айылынын 34 жаштагы жашоочусу Э.М. арыз менен кайрылып, 20 тонналык контейнерин жана чарба буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Чүй облусунун А.Т. аттуу жашоочусу кармалган. Териштирүү учурунда шектүүнүн Көк-Жар айылында катталган дагы бир кылмыш ишине тиешеси бар экендиги маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий