• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда он күндөн ашык убакыттан бери дайынсыз болгон аялды өлтүрдү делгендер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда он күндөн ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан аялды өлтүрүп кеткендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында жубайы 42 жаштагы Базарматова Бахтигүл Сабировна Жалал-Абад шаарынан кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча үйүнө барбагандын билдирген.

Дайынсыз болуп жаткан жаранды табуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү иш-чаралар уюштурулган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2020-жылдын 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигүл Базарматова киши колдуу болуп өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында шек жараткан эки атуул аныкталып, ошол эле күнү жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 39 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Х.И. жана Сузак районунун 27 жаштагы тургуну П.Ш. кармалган.

Бул окуя боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне кататалып, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө: шектүүлөр Х.И. Жана П.Ш. тарабынан 2020-жылдын 25-ноябрь күнү, өздөрүнүн сырттан таанышы болгон Б.Базарматова менен жолугушуп, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинен саат 16:30 чамаларында “Тойота-Авенсис” автоунаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Б.Базарматова акча жок экендигин айткандан кийин И.Х. өзүнүн автомашинасында турган кол чачыгы менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасында болгон 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, кол телефонун ыргытып жиберишкен. Ал эми Б.Базарматованын сөөгүн Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дененин толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денесине карата тиешелүү эскспертизалар дайындалган.

Шектүүлөр жогорудагы жасаган кылмышын мойнуна алышып, окуя кандай болгондугу тууралуу жана жансыз денени көмүп койгон жерин көрсөтүп беришкен.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий