• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда "Дэу Нексия" менен жүк ташуучу унаа кагышты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун 648-чакырымында 4-декабрда саат 16:30дар чамасында "Дэу Нексия" менен "Шахман" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңил унаанын 33 жаштагы С.А. аттуу айдоочусу жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, 25 жаштагы М. уулу Д. аттуу айдоочусу башкарган жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктан жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий